Бүгүн, 31-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында спорттун 23 түрү боюнча мелдештер уланып, 30 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыздын спортчулары бокс, дзюдо, самбо жана заманбап айкалышкан беш спорт боюнча мелдештерге катышат.
Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев бокс боюнча мелдештин жарым финалында күч сынашат. Анын атаандашы өзбекстандык Жасурбек Латипов менен беттешет. Азат Үсөналиев ийгилик жаратса финалга өтөт, жеңилүү ызасын тартып калса коло медалдын ээси болот.
31-августтун программасы:
Саат 8:00дө:
Дзюдо:
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
Фарух Булекулов - Машу Бакер (Япония)
100 килограммдан жогорку салмак ченинде:
Бекболот Токтогонов - Чен Шенгмин (Тайбэй)
Саат 10:00дө:
Заманбап айкалышкан беш спорт:
Мария Штукина.
Саат 13:00дө:
Бокс:
52 килограммга чейинки салмак ченинде:
Азат Үсөналиев - Жасурбек Латипов (Өзбекстан).
Саат 14:00дө:
Самбо:
52 килограммга чейинки салмак ченинде:
Тилек Аманкулов - Имам Маулана (Индонезия);
Азамат Асакеев - Ерденебатыр Шаалуу (Монголия);
48 килограммга чейинки салмак ченинде:
Анара Жумали кызы - Азиза Назарова (Түркмөнстан).
Саат 16:00дө:
Волейбол:
Кыргыз курамасы - Непал