Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, эки өспүрүм жаракат алды

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, эки өспүрүм ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-август күнү саат 8:30 чамасында Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Кичи автобус менен Хонда Стрим унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы эки өспүрүм жаракат алып ооруканага жеткирилди. Учурда бул окуя боюнча жеринде кызматкерлер иштеп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан