Ошто бала бакчада 4 жаштагы наристе чарчап калды. Ата-энеси анын талма оорусу бар экенин айтышкан

Ош шаарында 4 жаштагы наристе бала бакчада талма оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 28-август күнү Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде болгон.

"4 жаштагы Р. аттуу наристенин түшкү тыныгуу учурунда уктап жатканда талма оорусу кармаган. Тарбиячылар ошол замат "Тез жардам" кызматын чакырышып, бирок наристе алар келгиче чарчап калган. Ал эми наристенин ата-энеси чакыртылганда алар "Бала бакчага албай коёбу деп, оорусун жашырууга аргасыз болгонбуз" деп айтып берген.

Ошондой эле алар эч кимге дооматы жок экенин айтып, кызын медициналык экспертизага берүүгө макул болушкан эмес. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок. Милиция кызматкерлери тарабынан бала бакчанын кызматкерлери суракка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aibars
2018-08-31 17:42:52
Талма менен ооруса бала бакчага берип койгону акылга сыйгыз ишта. Ооруп жатса жанынан чыгарбай карабайбы? Дарылап, денесин укалап, козомол кылып туруш керекда ата энеси. Чон иш кылгансып, оорусун жашырып айткан эмеспиз дейтко;((
+6
DNurgiza
2018-09-01 14:11:54
aibars, чын эле, оорусун билишкенде балким тирүү калмак беле...... эхх, байкуш наристе.
+2
Supsuluu
2018-09-01 08:08:23
Жаратканым эчкимди баласынан айрыбасын.
+5
Shaa-82
2018-09-01 09:45:27
Башка балдарды да коркутушуптурда. Ата-энесинин акылы жок экен. Дагы жакшы моюндарына алыптыр, болбосо тарбиячылар балээде калмак. Байкуш балага жаштайынан эле мээнет бериптирда. Ата-энеси окунуп аткандыр жанында боло албадык деп.
+4
ayana16
2018-09-01 10:02:23
Бала бакчага алаарда мед осмотрдан отушпойбу булар.Тарбиячылар же жон эле кочодон келди деп ала беришеби
+3
Akniet_kg96
2018-09-01 15:44:42
Азыр акчага жазап алышат экен медсестра га 200 300 берсен бут документтерге печать бастырып берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан