Донецк Эл Республикасынын башчысы Александр Захарченко жардыруудан каза болду

Донецк Эл Республикасынын башчысы Александр Захарченко жардыруудан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 31-августта Донецктин борборунда жайгашкан "Сепар" кафесинде жардыруу болгон. Жардыруунун кесепетинен 1 адам каза болуп 3 адам оор жаракат алган. Каза болгон Донецк Эл Республикасынын башчысы Александр Захарченко экенин, ал эми жаракат алгандардын бирөө кирешелер жана чогултуулар министри Александр Тимофеев экенин расмий тараптар тастыкташкан.

"Жарылуучу зат кафеге алдын ала коюлган. Азыркы тапта кылмышка шектүүлөр кармалды. Захарченко башынан жаракат алып көз жумду. Аталган теракт Украинада даярдалганын кылмышка шектүүлөр айтып, кылмышты моюнуна алып жатышат", - деп билдирген Захарченконун кеңешчиси Александр Казаков.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Захарченконун өлүмүнөн кийин атайын кайрылуу жасап, Донецк Эл Республикасынын маркум башчысы Донбасстын чыныгы патриоту, чечкиндүү, эр жүрөк башчы болгонун айткан. Ошондой эле Путин өлкө башчысын мындай жол менен өлтүрүү бул жүзү каралык экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
titanik32
2018-09-01 12:33:26
ДНР болуп бөлүнгөндөн бери бул кишини көрүп билет элем,эр жүрөк тайманбас күчтүү киши эле.Айла жок ажал экен жардырып жиберишти бандиттер.Пусть земля будет пухом!
0
Aliyar85
2018-09-01 19:04:00
titanik32,сен кобураак зомби ящик кор Акылын алдыга кетет Киселев Соловьев дегендерди тамаша кыл анан больница га барып шизофрения каршы дарылан!
-1
anonymous
2018-09-02 00:24:07
titanik32,Эр жүрөк эмес суу жүрөк,
Саткын Чыккынчы болгон.Бандиттер жардырбай эле өзү бандит болгон.
+2
JackTheRipper
2018-09-01 13:26:20
Ар дайым военный формада журчу эле...
0
grace
2018-09-01 13:54:25
Днр деген республика жок. Эч ким тааныган эмес! Бул Украинанын бир бүтүндүгүн бөлүп-жарган сепаратисттер!
+6
Mirlan27011987
2018-09-01 14:28:45
Путин эми созсуз оч алат.
-7
piramida
2018-09-01 21:21:01
Донецк Луганск бул Украинага тиешелуу шаарлар ошолордун территориясы бул жерде орустар Крымды алгандай алып койобуз деген аракети ишке ашпай келет,ДНР,ЛНР еч ким республика деп тааныбайт.
0
Chungyz
2018-09-01 21:35:25
Орусия оздору эле жок кылды бул кишини
-1
anonymous
2018-09-02 00:08:12
Сепаратист Сепар деген ресторанда өлүптүр.Ошону көрмөк.Билбегендерге бул Кадыржан Батыровго окшогон саткын киши
+1
anonymous
2018-09-02 00:09:58
Россиянын каналдарын азыраак көргүлө сураныч
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан