"Арзу" кафесинен чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан "Арзу" кафесинен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн райондук "Тез жардам" кызматына чакыруу келип түшкөн. Бирок кийин өрттөн эч ким жабыркабагандыгы белгилүү болгон.

Айта кетсек, өрт 1-сентябрда саат 21:00дөр чамасында чыккан. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү 6 бригада тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан