Аламүдүн районундагы "Арзу" кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды. Маалыматты ӨКМдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө 6 бригада тартылып, саат 22:47де чектөөгө алынган.
Буга чейин маалымдалгандай, 1-сентябрда "Арзу" кафесинде үйлөнүү той өтүп жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, газ баллон жарылып өрт чыккан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.