"Арзу" кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан "Арзу" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Арзу" кафесинен чыккан өрт таңкы саат 04:30да толугу менен өчүрүлдү. Болжол менен 2 миң чарчы метр аянты күйүп кеткен. Азыркы тапта өрттүн себептери такталууда. Жабыркагандар жок", - деп билдирди маалымат катчы.

Айта кетсек, өрт кечээ, 1-сентябрда саат 21:00дөр чамасында чыгып, өрт өчүрүүчүлөр саат 22:47де тилсиз жоону чектөөгө алышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bek.94
2018-09-02 10:04:40
Күйүп бүтүп өчүптүрда
+7
Salaf
2018-09-02 10:38:48
Бузукулуктун аягы жакшылыкка алып барбайт негизи.
+5
Bars88
2018-09-02 10:41:11
8саатта эч нерсеси калбай очту да озу
+7
Snejana
2018-09-02 14:05:14
Bars88,ошо да. Куйгонго эч нерсе калган жок да. Болбосо, очуро алышмак эмес.
+1
Adil706070
2018-09-02 11:44:10
Негизи орт очуруучулор келип эле дароо суу чачып баштабайт экен.
Эки жагын карап электр тогун мамыга чыгып очуруп(кыркып) антип минткенче эле орт бир топ жерди куйгузуп бутот экен.
+2
Husan
2018-09-02 11:49:04
Adil706070,Сага эмне орт очууручу келе калып эле суу чачса болдубу,биринчи алар дагы коопсуздукту ойлошот,элестет электр проводторго суу чачы жаьса орт очкучо оздору мерт кетпейби... тоообо ойлонуп жузчы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан