"ВИА Гра" тобунун солисти Анастасия Кожевникованын топтон кете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу ал өзү украиналык басылмаларга билдирген.
"Сентябрь айынан тартып топ менен түзгөн келишимим соңуна чыгат. "ВИА Града" 5 жыл ырдаганым жетиштүү, эми карьерамды жеке ырчы катары улантам" деген ал.
Айта кетсек, Кожевникова ушул жылдын 24-августунда турмушка чыккан. Жолдошу шоу чөйрөсүнөн алыс адам болгонуна карабай, жубайына продюсер боло турганын билдирген.
"Мен шоу-бизнестен бир топ алыс болсом да, Анастасияны өзү каалагандай жылдыз кыла алам" деген ал.
Ал эми топтун продюсери Константин Меладзе солисттин топтон кетүүсүнө эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.
"ВИА Гра" тобунун учурдагы курамы 2013-жылы түзүлгөн. Анда "ВИА Грага баргым келет" сынагы аркылуу Миша Романова, Анастастия Кожевникова жана Эрика Герцег топко кабыл алынган. Ал эми ушул жылдын башында Миша Романова топтон кетип, ордуна Ольга Меганская аттуу ырчы кошулган.