Ош шаарында эл ташып баратып көпүрөдөн кулаган маршруттук таксинин айдоочусу унаанын полуна түшүп кеткен телефонун алайын дегенде кырсыктаган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ОШ ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"Айдоочунун айтымында, телефону унаанын полуна түшүп кетип, аны алууга аракет жасап ылдый эңкейгенде унаа башкаруудан чыгып, кырсыкка кабылган. Ошондой эле айдоочу ичимдик ичпегени экспертизада аныкталган. Учурда башка дагы тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Ош шаарында эл ташып бараткан маршруттук такси көпүрөдөн түшүп кетип, 6 адам жаракат алган.