Ош-Ноокат унаа жолунда бензовоз күйүп кетип, айдоочу жаракат алды

Ош-Ноокат унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда саат 22:10до ДАФ үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккан. Кырсык Ош-Ноокат автожолунун 19-чакырымындагы Алмалык айылында болгон. Өрттүн кесепетинен бензовоз жакын жайгашкан үйдүн чатыры күйгөн. Айдоочу өзү жеңил жаракат алган. Өрт 23:30да толук өчүрүлүп, айдоочу Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.

"Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда" деп кошумчалады ӨКМнын маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2018-09-03 12:05:33
Апамдар айтып жатышты эле бензавоз куйуп кетиптир деп,кечиндеси Ошко тойго барышкан болчу,кайтып келатышып корушкон экен,Кудай сактасын ушунтип машина орттонуп кетиптир деп атышкан эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан