Ош шаарында көпүрөдөн түшүп кеткен маршруттук таксиден жаракат алган 48 жаштагы аялдын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-сентябрда Ош облустук оорукананын башчысы Шайырбек Сулайманов кабарлады. Ал эми калган 5 адамдын экөө үйүнө чыгарылып, үчөө ооруканада жатат.
"Облустук ооруканага жол кырсыгынан жабыркаган 6 адам алып келинген. Экөө үйүнө чыгып кетип, төртөө дарыланууда. Алардын арасынан жандандыруу бөлүмүндө жаткан 48 жаштагы аялдын абалы жакшырып калды. Бирок дале жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын далысы сынып, баш мээсинен жаракат алган. Калган үч адамдын экөө травматология бөлүмүндө, бирөө неврология бөлүмүндө дарыланып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык", - деди Сулайманов.
2-сентябрь күнү Ош шаарында эл ташып бараткан 102-каттамдагы маршруттук такси көпүрөдөн түшүп кетип, 6 адам жаракат алган. Шаардык милициядан кабарлашкандай, айдоочу унаанын полуна түшүп кеткен телефонун алууга аракет кылып жатып, алдындагы Хонда Фитти сүзүп андан кийин көпүрөдөн түшүп кеткен.