Ырыскелди Осмонкулов көчмөндөр оюндарынын ачылышында кийген формасын атайын сахнага кийүү үчүн сатып алганын айтты

Кечээ, 2-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сахнага улуттук кийимдерди кийип чыккан ырчылардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун футболка менен этеги узун жемпир кийип алганы интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууга алынган.


Ырчынын айтымында, ал көчмөндөр оюндарынын гимнин аткаруу учурунда кийген формасын атайын сахнага кийүү үчүн сатып алган. Бул тууралуу Ырыскелди Осмонкулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Бизге атайын үстүңөргө улуттук кийим, башыңарга калпак кийгиле деген тапшырма болгон эмес. Эркин форма деп айтышкандыктан, бул кийимдерди сатып алгам. Эгер сөзсүз улуттук кийим менен чыгуу керек деп айтышса, киймекмин. Менимче, формам жаман эмес. Болгону канча эл болсо, ошончо пикир болот да", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2018-09-03 15:30:37
Ошентсе деле озун билип башкаларды карап улуттук форма кийсен болчу экен
+11
urmat-77
2018-09-03 15:33:21
Жаныңдагы Темирге окшоп кийинсең дале болмок.
+10
Abdizhapar
2018-09-03 17:01:29
Ушунун несине эмгек синирген артист наамын берген
+5
urmat-77
2018-09-03 17:57:13
Abdizhapar,Туура айтасыңар же үнү жок же ХХХХХХ
+3
aiba.8327
2018-09-03 17:59:53
Эми байкеси жаш бала эмесин го,айтырбай эле билишин керек эле айтып турат го Кочмондор оюуну деп..же сизге кафеге тойго деп айтылды беле....
+5
Jyrgal_msk
2018-09-03 23:40:54
Илгертен эле кийингенди билчу эмес.
+2
nur...nur.
2018-09-04 00:08:39
жок дегенде кастюм шым кийсен болмок байке
+4
madina.87
2018-09-04 10:21:01
Жок болсо бир жөн, бир ок менен эки коен атыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан