Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында Данияр Кашкараев тай бокс боюнча күмүш медалга ээ болду

Уруш искусстволору боюнча Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында  кыргызстандык Данияр Кашкараев тай бокс боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өтүп жаткан мелдеште 57 килограммдагылар арасында финалдык кармашууда Данияр Кашкараев Вьетнамдан келген спортчу менен ат салышып, 0:5 эсебинде жеңилип калган. Белгилей кетсек, бул жеңиш Азия оюндарында улуттук курама команданын алгачкы медалы болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан