Москвадагы метродо полиция кызматкерин башка атып кетишти. Анын өлүмүнө шектелип мурда Кыргыз жеринде жашап кеткен адам кармалды

Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кетти. Кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазууда.

Айрым маалыматтарга таянсак, анда 23 жаштагы Андрей Райский аттуу полиция кызматкери шектүү жарандын документин текшерүү үчүн аны полициянын кызматтык бөлмөсүнө өтүүгө чакырган. Жолдон кылмышка шектүү дааратканага барууну суранган. Кийин ал полиция кызматкеринин кызматтык тапанчасын тартып алып, башка атып салган. Алган жаракатынан улам полиция кызматкери окуя болгон жерден каза болуп, шектүү метрого түшүп качып кеткен.

Станция кызматкерлеринин бири шектүүнүн качып баратканына күбө болгонун айтып берген: "Дааратканадан тапанчадан үн чыкканын уктум. Мен ал жакты көздөй басканда бир адам чуркап чыгып кетти. Кийин жерде жаткан полиция кызматкерин көрдүм", - деп билдирген.

Окуядан кийин шектүү адамды издөө планы жарыяланып, көп өтпөй колго түшүрүлгөн. Орусиялык ЖМКлардын тараткан маалыматында кармалган адам Ош облусунда жашап, кийин Орусия жарандыгын алганы кабарланууда.

Москвада полиция кызматкерин атып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Ense1705
2018-09-03 20:51:10
Каргагандын ордуна иши он жакка чечилсин деп дуба кылып койунуздар
+12
bond02
2018-09-03 21:42:44
Ээ туугандар бул братты мен жакшы тааныйм, андай ишке бара турган киши эмес. Жакшы адвокат кармап туруп видеону метрого киргенден баштап баштан аяк караш керек.
+6
Dalil
2018-09-03 22:58:18
Менин оюмча бул киши сизодогу кыйноодон улам эле моюнга алгандай. Айтылгандар чындыкка коошпогондой. Бул кишини туалетке алып кирип көбүрөөк акча жанында болсо пистолет такап акча берүүсүн талап кылган. Өзүн коргойм деп атып алган. Отделениеге бара жатып дааратканага барып келейин десең жөнөтүшпөйт алар. Окуяны окуганда эле ушул ой оюма келди. Балким дагы башкачадыр.
+3
CEO1
2018-09-04 00:54:57
Dalil, мас болгон деп жазып жатышат. Ылжыйып ичип алып эч кимди тоготпой калгандары бар. Бул да ошондой болуп, озун кинодогу "баатыр" сезе койсо керек да...

-1
MAKALAK
2018-09-03 23:29:31
Россия жараны болсо не качат документ жок болсо бир жон
+5
adi_ko.kg
2018-09-04 00:32:38
тооба эми Москвадагы кыргыздарга кыйын болот
0
Matahara1980
2018-09-04 03:26:02
Бул киши озу мас болсо кантип алы жетмек эле тапанчасын тартып алганга тем более жаш полицей экен, просто попадать этип калганго мастыгынан, не тот жерде болуп, ичпей эле журсо ушундай балееге кабылат беле
+1
Altysha89
2018-09-04 08:57:14
Курулай дооматдан сактасын . Эмнеси болсо да жакшы жака умут кылып туралы туугандар , бир тараптуу маалымат кете элек азырынча мисалы ушул олтурду деген , шектуу катары кармалды . Акталып чыгат деген умуттомун . Видеосун корсонуздор да ойлонуп каласыздар . Анткени айтып жатат го мен аткан жокмун деп. Москванын озунун жанылыктарына да чыкты бирок орустар комментарий калтырып жатышат куноолу эмес дешип. Сабыр кылып туралы . Акталсын . Анчалык тоо журок эмес биздин мекендештер .
+1
admin_superstan
2018-09-04 10:02:38
Ense1705, bond02,
Саламатсыздарбы? Купуя кат менен жооп берилди.
0
Bayanova
2018-09-04 10:18:37
Видеону коргуло, бул кишинин атканын корбодум! Билип билбей бироону жамандагандан алыс болойлу. Акталып кетсе экен, кантсе да Кыргыз экен го! Андан коро кыргыздар чогулуп, жакшы адводат табышып актаганга жардам берсе экен! Озбектер болгондо дароо бири-бири болушуп жеп салышат го. Ушундай кыргыздардын кылмышы кобоюп баратат, бул атайын биздин чондорго очошуп подставалар болбой атабы? Мамлекет да карап койсо болот кичине ушундай иштерди! Кыргыздын артында же ишенген эч кими жок дешип, ушинтип жата
+3
altyn7776
2018-09-04 10:32:38
Bayanova, кыргыз оз элинде болунуп жарылып олуп атышат, анан кайдагы жомоктогу биримдикти айтпагылачы. Конко, [moderated] болуп олуп тирилип болунуп атабыз го
+2
Bayanova
2018-09-04 14:39:49
altyn7776,ошол сиз айткандай жомоктогу биримдик жок деп, озбектерге салыштырып атам да
0
Bayanova
2018-09-04 14:43:16
altyn7776, кыргыздарга караганда, бири-бирине болушуп, жан тартып турушат!
0
Bayanova
2018-09-04 10:21:05
Президентине деле баары бир карабайт деп?! Кыргыздар озуно сак болбосо, эч ким жардам деле корсотпой калды го мындайда!
0
Bayanova
2018-09-04 10:22:41
С.Жээнбековго кайрылып корушун тууган-тааныштары!
0
altyn7776
2018-09-04 10:33:53
Bayanova, ичип алганы уят кылат да
+1
meni_kut
2018-09-04 11:42:51
Россиянин жараны болсо да орустар дагыле болушот кыргыз деп, Чынгыз сузгондо весь Россия ММК которуп дун кылышты,а оздорунуку сузгондо жымжырт эле болуп калышты.
+2
fantastic_baby
2018-09-04 12:52:34
Алыс жерде жургон сон ичпей кудай деп иштеп кетиш керек да, озун олалбай чет олкодо журосун бир тыйын деп , иштеп кетип уйуно барып литирлеп алып ичпейсинби мага десе. Эми не демек элек , чындап олтургон болсо жазасын алат кудай астында да, орустар жондон жон актап койбойт олтурбосо деле.
0
senchi
2018-09-04 18:55:41
Адам олтургон адамга окшобойтго
0
Rasul94
2018-09-05 11:45:03
Канча адамды шорлотот.аран тирилик кылып жургондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан