"Элдик кабарга" "Бишкекте жаран айылдашы тарабынан бычакталып каза болду" деген билдирүү келип түшкөн. Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек ШИИББи бул маалыматты тастыктады. ШИИББдин басма сөз кызматкеринин айтымында, учурда шектүү кармала элек.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон жаран оң көкүрөгүнө бычак сайылып каза болгонун аныкташкан.
"Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү делинген жаран изделүүдө. Учурда милиция кызматкерлери бул факт менен иш алып барышууда. Окуя эмне себептен улам болгону учурда белгисиз. Бул кылмыш иши боюнча кененирээк маалымат дагы да берилет", - деди маалымат катчы.