"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жаран Баткен окуясынын катышуучусу. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 42 жаштагы шектүү Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган. 2010-жылы Орусиянын жарандыгын алып, 2011-жылы үй-бүлөсү менен Москва шаарына көчүп барган.
"Шектүү аскердик даярдыктан өтүп, 1999-жылы Баткен окуясында Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн катарында диний-экстремисттик топко каршы күрөшкөн. Күрөштө башынан жарадар болуп, анын айынан психикалык жактан көйгөйлөрү бар экени аныкталган", - деп жазылат Орусиянын маалымат каражаттарында.
SUPER.KG порталы бул маалыматтарды тактоо үчүн тиешелүү кызматтарга кайрылууда.
Белгилей кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазышкан.