Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Алыш боюнча мелдеште кыргыз спортчулары 9 медаль утуп алышты

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү.

Аталган мелдешке 35 өлкөдөн келген 145 балбан катышты, анда эркектер жана кыз-келиндер 6 салмак ченинде күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз балбандар 9 медаль утуп алышты, анын ичинде 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалдар болду. Кыргыз өлкөсүнөн Дүйнө чемпиону наамына Эсенбек Кудайбердиев жана Нурзат Бактияр кызы татыды.

Мелдеште алтын медалдардын ээси 70 миң сом акчалай байгеге ээ болсо, күмүш медалдын ээлери 35 миң сом жана коло медалды тагынган балбандар 17 миң 500 сомго ээ болушту.

Эркектер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мардон Кимсаноев (Өзбекстан);

2-орун: Арслан Ашыргелдиев (Түркмөнстан);

3-орун: Жуну Неифриетуо (Индия);

3-орун: Алексей Абрамов (Орусия);

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Хусдиддин Рузиев (Өзбекстан);

2-орун: Мадаминбек Шаршеналы уулу (Кыргыз өлкөсү);

3-орун: Милжан Жуканович (Сербия);

3-орун: Медов Росимурат (Түркмөнстан);

80 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Эсенбек Кудайбердиев (Кыргыз өлкөсү);

2-орун: Камолиддин Махкамов (Түркмөнстан);

3-орун: Ленар Садыков (Орусия);

3-орун: Айдос Кулманбетов (Казакстан);

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Реназ Калимуллин (Орусия);

2-орун: Зайлобиддин Артыков (Өзбекстан);

3-орун: Гылыч Жумаев (Түркмөнстан);

3-орун: Сапармурат Нурмамат уулу (Кыргыз өлкөсү).

100 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Сейди Батыров (Түркмөнстан);

2-орун: Обидали Мавлонов (Өзбекстан);

3-орун: Анатоли Малдован (Молдавия);

3-орун: Сиерик Быйретмурат (Монголия);

100 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун: Мусса Галиамов (Орусия);

2-орун: Рио Дел Лусиано (Аргентина);

3-орун: Кадыр Келсинбеков (Кыргыз өлкөсү);

3-орун: Овезгелди Бердыев (Түркмөнстан);

Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Лачын Бадагляева (Түркмөнстан);

2-орун: Анара Рыскулова (Кыргыз өлкөсү);

3-орун: Сосе Баласанян (Армения);

3-орун: Акжол Кайыпхан (Казакстан);

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Зухра Мадраимова (Түркмөнстан);

2-орун: Мээрим Момунова (Кыргыз өлкөсү);

3-орун: Мафтуна Махмудова (Өзбекстан);

3-орун: Улжан Дусембаева (Казакстан);

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Нурзат Бахтияр кызы (Кыргыз өлкөсү);

2-орун: Канзада Арайлым (Казакстан);

3-орун: Вос Кайли (Нидерланды);

3-орун: Жемал Овлякуляева (Түркмөнстан);

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Гедытутё Реналда (Литва);

2-орун: Перизат Шайыпбекова (Казакстан);

3-орун: Дилафруз Мамажонова (Өзбекстан);

3-орун: Елена Фролова (Орусия);

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Насиба Суркиева (Түркмөнстан);

2-орун: Сандра Ликун (Польша);

3-орун: Бегзода Худойбердиева (Өзбекстан);

3-орун: Алтынай Мамарасул кызы (Кыргыз өлкөсү);

75 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун: Светлана Туба Уна (Сербия);

2-орун: Гозаль Зутова (Азербайжан);

3-орун: Елене Кебадзе (Грузия);

3-орун: Нагира Сарбашова (Кыргыз өлкөсү).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adilet2014
2018-09-04 12:55:27
Медалдык корсоткучторду кайдан билсек болот кайсы сайтта корсотулуп жатат таппай жатам
+2
Bekboloooot
2018-09-04 13:05:36
Adilet2014,1 орунда Казахстан 7 алтын,7 күмүш жана 5 коло менен
2 орунда Кыргызстан 5 алтын, 5 күмүш жана 8 коло
3 орунда Түрмөнстан 5 алтын, 2 күмүш 5 коло менен
+1
Adi.Avazbekov
2018-09-04 14:43:16
Bekboloooot,кечеги бул
0
Meni_unut
2018-09-04 13:52:35
Эсен красавчик,Лейлектин патриоту!!!
0
Kymbatym
2018-09-04 14:15:44
Кыргызстанымдын 1,2,3 орунда алган уул кыздары азаматтар Сапармурат Нурмамат уулу акемин досу 3-орун деле жаман эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан