Борбор калаадагы Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен табылган шектүү баштыктын ичинен кийим-кече жана азык-түлүктөр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG'ге аталган даректе жашаган Айбек аттуу тургун кабарлады.
Белгилүү болгондой, 3-сентябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү 2 чоң баштык калтырылган. Жергиликтүү тургундар коопсуздугуна кабатырланып, бул тууралуу милиция кызматкерлерине билдиришкен. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери баштыктарды ачып, ичин текшерүүгө алган. Натыйжада бир баштыктын ичинен эркек кишинин кийим-кечелери, ал эми экинчи баштыктан сарымсак, күрүч жана желим бөтөлкөгө салынган кургатылган өрүк табылган.