Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө 5 унаа сүзүштү

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө беш унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Кырсык саат 8:40 чамаларында Байтик баатыр көчөсүндөгү көпүрө алдында катталган.

"Аталган көчөдө Honda Odyssey, Volkswagen, Toyota Wish, Toyota 4Runner жана Nissan маркасындагы унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, материалдар тергөөгө жөнөтүлдү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда", - деп билдиришти башкармалыктан.

Байтик баатыр көчөсүндө 5 унаа сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан