Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти менен Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Ага ылайык, Казакстандын курама командасы көк бөрү боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге билдирди.
"Казакстандын курама командасы көк бөрү боюнча мелдешке катыша турган болду. Беттеш 5-сентябрда орун алып, Казакстан менен Красноярск курамалары кез келет", - дейт федерациянын президенти.
Буга чейин 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстан менен Красноярск курамалары көк бөрү боюнча беттеш өткөрмөк. Бирок белгиленген убакытка Казакстан командасы оюнга келбей калган.
Белгилей кетсек, 2-сентябрь күнү чүчү кулак тартышууда 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ойномокчу болушкан. Чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Кыргыз, Алтай жана Монголия курамалары, "Б" тайпасына Москва, Кытай жана Ооганстан, "С" тайпасына АКШ, Казакстан, Красноярск, "Д" тайпасына Башкортостан, Франция жана Өзбекстан курамасы кирген.