Бишкекте жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу дале табыла элек (сүрөт)

Кырсык болгон жерден сүрөт

Жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон жол тандабастын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG`ге Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда окуяны иликтөө иштери улантылып жатат. Айдоочу изделүүдө. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында окуя болгон жерден изин жашырган айдоочунун унаасы борбордогу көчөлөрдүн биринен табылган. Оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон аял жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бараткан. Анын артында эки баласы калды", - деп кошумчалашты башкармалыктан.

Эске салсак, окуя кечээ, 3-сентябрда кечки саат 22:20 чамасында Ахунбаев-Шүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда жөө жүргүнчүнүн өлүмүнө себепкер болгон Тойота Раннер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын көчөгө таштап, өзү качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
patiydin
2018-09-04 20:19:44
Эртен чыга келет. Рулда мен эмес элем. Урдап кетти эле деп.
+1
monster_high_98
2018-09-04 21:41:08
Негизи сузуп кеткен адамды таба албасанар, Кыргызстанда кенири адам сузуп журо бериш керек экен да,табалбаган сон зачем кылмышты моюнга алып
+3
Nazka29.07.91.
2018-09-04 23:03:36
Даагы биронун АПАСЫН сузуп олтуруп качып кеттиби.ХХХХХХХХ качып кетсе кантер экен элен АЙДОООЧУУ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан