Элдик ырлардын аткаруучуларын Түштүк Кореяга чакырышты

2018-жылдын 1-ноябрынан 3-ноябрына чейин Сеул шаарында "Коомдук дипломатиянын жумалыгы" өтөт. Анын уюштуруучусу – Корея эл аралык кызматташтык фонду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында маданият (салттуу, элдик, фолк-музыка, элдик ырлар, бийлер) боюнча ар түрдүү өлкөлөрдөн делегациялар чакырылат.

Чакыруучу тарап Сеулда убактылуу жашоо үчүн турак жай, тамактануу, транспорт менен камсыздайт. Мындан тышкары гонорар берилет.

Ошол эле учурда авиабилеттерди сатып алууга каражат бөлүнбөйт.

Иш-чарага катышууга билдирүүнү калтыруу мөөнөтү 2018-жылдын 7-сентябрында саат 12:00дө аяктайт.

Катышууну каалагандар kyrgyzconsulkorea@gmail.com электрондук дарегине төмөнкүлөрдү жөнөтүүсү керек:

  1. Топтун аталышы англис тилинде;
  2. Катышуучулардын саны;
  3. Номердин видео-клиби.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан