III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан эл аралык айтыш сынагында финалга чыккан казактын жана кыргыздын акындары аныкталды. Бул тууралуу айтыш коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
"16 акындын ичинен 8 акын финалга жолдомо алды. Адатка айланып калгандай эле бул жылы да айтышка кош байге сайылган. Демек, ар бир байгелүү орунга Кыргыздан 1 акын, Казактан 1 акын татыктуу болот", - дейт Маратов.
Финалга өткөн Казак акындары:
Айбек Калиев;
Биржан Байтуов;
Аспанбек Шыгатаев;
Максат Аканов.
Кыргыз төкмөлөрү:
Баян Акматов;
Азамат Болгонбаев;
Кубат Тукешов;
Асылбек Маратов.
Сынактын финалы бүгүн, 5-сентябрда саат 14:00дө Кырчын жайлоосунда өтөт.