Айта кетсек, Японияда катуу ысык аба ырайынын айынан 3 айдын ичинде 144 адам көз жумган.
Японияны акыркы 25 жылдан бери каттала элек эң күчтүү "Жеби" тайфуну каптады. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болуп, 160ка жакын адам ар кандай жаракаттарды алышты.
Маалыматтарга ылайык, "Жеби" Япониянын батыш аймактарында болуп, катуу жааган жамгыр менен коштолгон. Шамалдын ылдамдыгы саатына 172 чакырымга жеткен. Жаралган кырдаалда Осако суусунда танкер көпүрөнү сүзүп, ал эми Киото районунда темир жол станциясынын чатыры урап түшкөн.
Өлкө бийлиги жабыр тарткан аймактарда жашаган миллиондогон адамдарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө буйрук берген. Синоптиктер аталган аймактарды сел каптап, жер көчкү жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишкен.
Он миңдеген адамдар жарыгы жок калышкан. Алгач тайфун Сикоку аралында болгон, андан соң эң ири Хонсю аралын басып өткөн. Адистердин билдиргенине ылайык, тайфундун түндүк тарапка жылышы менен ал өз күчүн жоготот.
"Жеби" - эң күчтүү деп аталган алгачкы тайфун болгондуктан, аталган өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ жаралган кырдаалда шашылыш жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундарды бардык нерсеге даяр болууга жана өз жаны үчүн кам көрүүгө чакырган.