SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын орду ырчы Жийдеш Идирисованын "Наринай" чыгармасы менен толукталды.
Ырдын сөзү Максат Тынаев, ал эми обону ырчынын жолдошу Андрей Догайга таандык. Ал эми "Наринай" деген сөз эмнени түшүндүрө турганы боюнча Жийдеш Идирисова буларга токтолду:
"Бул ыр кыз-келиндерге арналгандыктан, көптөр Наринай деген кыздын аты деп ойлошот экен. Андай эмес. Болгону ырды обону менен ырдап жатканда дал ошол жерге ылайыктуу сөз керек болду. Ошондо "Наринай" деп ырдап көрсөм жарашып калгандыктан, ошол боюнча калтырып коюуну туура көрдүк. Ал эми ырдын клибин 2 күндүн ичинде Бишкек шаарынан тарттык. Клипмейкер биздин командада иштегендиктен, декорациядан башка эч нерсеге деле чыгым кеткен жок".
29-АВГУСТТАН 5-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасы эң аз добушка ээ болгондуктан сынактан четтетилди.
9-орун - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" аталышындагы чыгармасы өткөн аптада да дал ушул орунда эле.
8-орун - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи гүлүм" чыгармасына буюрган.
7-орунда - Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" чыгармасы жайгашкан.
6-орунду - Жоодарбешимдин "Унутам" видеокомпозициясы ээлеген.
5-орунда - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" видеоклиби орун алган.
4-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.
3-орун - Айдин Шердин "Толкундайм" клибине буюрган.
2-орунду - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы камсыздаган.
1-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.