Москвада полиция кызматкерин кыргыз тектүү жаран атып өлтүрдү делген окуянын жаңы жагдайлары айтылды

Москва шаарында кыргыз тектүү Нурлан Муратов аттуу жаран полиция кызматкери Андрей Райскийди атып өлтүргөн эмес. Мындай билдирүүнү орусиялык ЖМКлар соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына таянып жазышууда.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкери башына белгисиз катуу буюм менен болгон соккудан улам көз жумган.

Тергөөчүлөр экспертизалардын алдын ала жыйынтыктарына таянып: "Полиция кызматкери Муратовду текшерүү үчүн токтоткон соң алар эмнегедир кызматтык дааратканага киришкен. Ал жерден экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Мушташ учурунда Нурлан Муратов анын башына белгисиз катуу буюм менен бир нече жолу урган. Бул мезгилде полиция кызматкери тапанчасын алып чыгып, 2 жолу ок чыгарган, даараткананын аянты кичине болгондуктан ок кайтып келип Райскийдин өзүнүн көзүнө тийген. Тинтүү учурунда Муратовдон кастет табылган", - деген божомолдорду билдиришкен.

Ошондой эле тергөө органдары тапанчада Муратовдун манжа издери табылбаганын айтышкан.

Орусиялык ЖМКлар кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын, анда 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу жазышкан. Шектүү жаран Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан. Кийин Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгы кылмышка шектүү Баткен согушуна катышпагандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Altun76
2018-09-05 13:26:57
Жок бул менттердин оздорунун ортосунда эле болушу мумкун,увольнения болгон полициянын акыркы сменасы экен,оздору бир нерселер ачыка чыгып кетбесин деп тынчытып койдубу,точна ошол полиция кармаганбы камерадан метрого кирген жерден баштап акырына чейин каратыш керек да
+17
Jasa
2018-09-05 13:34:17
Эмне эртеси кастетти дагы жумушка алып алыптырбы озу менен,кичине окшоштуруп жазса да,кечээ эле 100% атты деп атбады беле божомол дебестен,бугун башка,жаратканым озун ынсап бер окендерге,ушул козун жалдыраткан,куру жалаага кабылган пендени озун жамандыктан сактай кор...
+16
gulmira90
2018-09-05 19:47:36
Jasa,амиииинь Аллах жардам берсин
+2
monster_high_98
2018-09-05 13:36:33
манжа издери табылбаса деле , эптеп куноону оодарып олуш керек да
+6
fantastic_baby
2018-09-05 14:29:12
Кастетти хулигандар эле алып журбосо 45 жаштагы токтолуп калган кишиге анын эмне кереги бар? Биз Кыргызда 45 жаштагы кишинин кастет колдонуп жургонун кордунор беле ? болбогон нерсе , мен ишенбедим. Оздорунон эле бироолору олтуруп койсо керек, бул да ичип пичип ошолордун буту колуна аралашып калса керек да, олтурбогон деп ойлойм.
+9
Sultana17
2018-09-05 14:44:56
Бул жерде подстава болгон окшойт жана эле ртр ден жанылыктарды кордум эле журналист подстава болгон го келтирип суйлоп койду го
+8
Дарыгер
2018-09-05 15:10:34
Эптеп моюна коюнун айласын кылып жатышат окшойт. Кастетти эмне жанына салып журмок беле чындапбы Ургант болсо. Чындап олтургондо. Кийимин которуп. Кастетти ыргытып. Бекинип жашамак да. Орустун тергоочулору жомок токуп жатышат го
+8
Ulik-real
2018-09-05 17:11:04
Кастет алып журуптур Дейт бул эртеси метро павелецкийден кармалып жатса кастетти жанында алып журобериптирби кайдагыны айтып жатат ат кулактар
+4
Dilbaranurdinova
2018-09-05 18:46:05
Жалдыраган коздор ай .....журогум ооруду
+6
Snejana
2018-09-05 22:32:18
"Маалыматка ылайык, полиция кызматкери башына белгисиз катуу буюм менен болгон соккудан улам көз жумган". Кандай тушунсо болот. Ошондо, тапанча менен атып, ок козуно тийгенде олбой, белгисиз катуу буюм менен урганда олуп калабы.
0
Snejana
2018-09-05 22:33:31
Коздору кантет, жалдырап. Кыргызымды Аллахым колдосун. Акталып чыксын.
+7
love2016kg
2018-09-06 00:25:04
Аллахым озу сактаптырда
+2
gulmira96
2018-09-06 02:53:41
Команда алып жомок токугандан коро чыныгы кылмышкерди издешсе болмок орустар олуп эле алышты го озу аткан ок озуно кайтып тийди дегенге келесоо киши деле ишенбейт го.
+1
Shaa-82
2018-09-06 07:32:30
Кастеттин не тиешеси бар эми ал атылган октон каза болуп атса?
0
Jango
2018-09-06 11:17:39
Тиги орус озу куноолуу эмнеге туалеттке алып кирет тооба документти да туалетте текшереби бир болсо акча алам деп ойлогонго байкуш караса эле гражданин россия болуп чыкса бул жерде орустар деле жазып жатышат бул жигитти подстава кылышты деп бул адам олтурбогону козунон байкалып турат дешип комментарии калтырып жатышат
+2
RusMos76
2018-09-06 15:54:23
Туалеттин болмосу тар болгондуктан ок келип бул балага тийбей озунун козуно тийгени кызык экен бир эмес эки ок тен. Кастетти эч ким жанына албаса керек азыр. Ойлоп эле табылган жомоктой болуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан