III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагы башталды.
Анда Кыргыз жана Казактын алдыңкы акындары кез келип, өз өнөрлөрүн элге тартуулайт. Айтыштын биринчи айлампасында жалпы 16 акын катышып, жыйынтыгында 8 акын финалга жолдомо алган. Алардын ичинен төртөө казак акыны, төртөө кыргыз акыны. Бул жылы да адаттагыдай эле кош байге сайылган. Демек, ар бир байгелүү орунга 1 кыргыз жана 1 казак акыны илинет. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Мындан сырткары "Айтыш" коомдук фондунун өзүнчө сыйлыктары тапшырылмакчы.
Айтышка калыстык кылып, акындардын дараметин баалай турган калыстар тобунун мүчөлөрү:
Акбар Рыскулов, Күмөндөр Абылов, Кыялбек Урманбетов, Кубат Болотканов, Кайрат Иманалиев, Улан Турдалиев, Жаныбек Эсеналиев.
Алгач акындар сахнага чыгып, чүчү кулак аземи орун алды. Акындар төмөндөгүдөй жуптарга бөлүндү:
1. Максат Аканов - Кубат Тукешов;
2. Биржан Байтуов - Асылбек Маратов;
3. Айбек Калиев - Баян Акматов;
4. Аспанбек Шыгатаев - Азамат Болгонбаев.