Кыргыз жеринен 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз жеринен 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Ленин аймагындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунан сырткары жерден 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракеттенген Кыргыз жараны кармалган.

"Рено" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу бензовоздун 1960-жылы туулган Р.С. аттуу айдоочусу териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2018-09-05 19:51:52
Ленин эмес Разаков айылы болот
0
admin_superstan
2018-09-06 11:59:46
salimbek87.kg,
Саламатсызбы? Маалымат такталып анан жазылган.
0
Muslim_KGstana.
2018-09-05 20:13:08
Эмне алып отсо болбойбу?Маалыматым жок экен бул боюнча?
-3
Umakg
2018-09-05 20:26:45
Озубуздо бензин кымбат болуп жатат башка олкого сатып не кылат чыкынчы...
+2
Safiya91
2018-09-05 20:49:32
Бул жуздон бири. Мындай фура, бензовоз, камаз кунуно канча жолу кирет Тажикстанга. Долясын бербей койсо кармалды деп айтып койдуда чек арачылар.
+4
patiydin
2018-09-05 21:19:39
Айдочулар эмне куноо. Жуктун ээсин тапкыла!
+2
Tolkun555
2018-09-05 21:49:42
Мындай бензовоздор кунуно жуздоп отот.крышалары парламентте министерство олтурат.простой адамга ал жерде нан жок
+3
talaa11
2018-09-05 23:37:21
Булар усту жактагы жепчутар ХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан