Канадалык ырчы Жастин Бибер сүйүктүүсү Хэйли Болдуин менен бирге жашоо үчүн Канаданын Онтарио провинциясынан 5 миллион долларга хан сарай сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Бибер менен Болдуиндин турак-жайы жалпы 40 гектардан ашуун аймакты ээлеп, үйүнүн аянты 836 чарчы метрди түзөт. Анда 5 уктоочу бөлмө, 5 жуунуучу бөлмө, ашкана, үй кинотеатры, машыгуучу зал, бильярд ойноочу жай орун алган. Ал эми короосунда ат бага турган чакан ферма жайгашкан.
Эске салсак, ушул жылдын июль айында Жастин Бибер модель Хэйли Болдуиндин колун сураган. Ал эми үлпөт той ушул жылдын аягына пландалганы айтылып келет. Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, буга чейин Лос-Анжелесте жашаган ырчы үйлөнгөн соң Канададан сатып алган дал ушул хан сарайында жашамакчы.
"Мунун себеби ырчынын журналисттер менен папараццичилерден тажагандыгында" деп жазылат маалыматта.