Москва шаарында полиция кызматкерин өлтүрдү деп айыпталып жаткан Нурлан Муратов аттуу кыргыз тектүү жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукту Москванын Черемушкин райондук соту чыгарган. Соттук тергөө учурунда Муратов жеңилирээк жазага тартууну өтүнүп, тергөө иштери бүтмөйүнчө эч жакка качып кетпей тургандыгын билдирген. Ал эми анын жактоочусу Муратовдун эч кандай күнөөсү жок экендигин, ал полиция кызматкеринин өлүмүнө күбө катары гана сурак бериши керектигин айткан.
Эске салсак, орусиялык ЖМКлар кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын, анда 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу жазышкан. Шектүү жаран Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан. Кийин Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгы кылмышка шектүү Баткен согушуна катышпагандыгын билдирген.