Жалал-Абадда милиция кызматкерин кызмат учурунда сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда айдоочу иш учурунда милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-сентябрда түнкү саат 11.30 чамасында болгон.

"Сузак районунун көчөлөрүндө өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда 31 жаштагы А.Э. аттуу милиция кызматкерин Деу Нубира үлсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден из жашырган. Кырсыктан жабыркаган кызматкер Сузак райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми ыкчам тергөө тобунун иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 22 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалган соң айдоочу 2 айга камакка алынды. Ошондой эле айдоочунун унааны башкарып бара жаткан учурда ичимдик ичпегени аныкталды. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө катуу ылдамдыкта баратып кокустан сүзүп алганын, коркуп кеткендиктен изин жашырып качып кеткенин айтып берген", - деп билдиришти ОИИБден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан