Кечээ, 5-сентябрда Япониянын түндүгүндө күчү 6,7 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жер титирөө өлкөдөгү Хоккайдо аралында орун алган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, ондогон адамдардын дайыны белгисиз. Ошондой эле жүздөгөн тургундар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Ал эми урап калган үйлөрдүн арасынан адамдарды издөө үчүн кырсык катталган аймакка 25 миң аскер жиберилген.
Ошондой эле аталган аймакта жайгашкан Син-Титосэ аэропорту да жабыркап, аба жана темир жол каттамдары убактылуу жабылган.