Бишкектеги Кулиев көчөсүндө бычакталып каза болгон Бекзат.Ж. аттуу жарандын өлүмүнө шектелип таанышы кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 6-сентябрда шектүү жаран кармалды. Учурда толук маалымат алынып жатат. Дагы кененирээк маалымат берилет", - деди маалымат катчы.
Ал эми айылдаштарынын айтымында, маркум 2017-жылы самбо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болгон.
Эске салсак, 3-сентябрь күнү Бекзат.Ж. аттуу жаран айылдашы тарабынан бычакталып каза болгон.