Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 6-сентябрда саат 15:09да чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. ӨКМнын басма сөз кызматы дагы кошумча маалымат берилерин кошумчалады.