Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кырсыктан 16 адамдын каза болгондугу аныкталып, 26 адамдын дайыны белгисиз. Бул маалыматты басылмаларга Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ тараткан. Учурда баштагыдай эле электр жарыгы бериле элек жана аймактагы аэропорт ишке кире элек.
Айта кетсек, 5-сентябрда Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында күчү 6,7 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, ондогон адамдардын дайыны белгисиз экендиги айтылган. Ошондой эле жүздөгөн тургундар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Ал эми урап калган үйлөрдүн арасынан адамдарды издөө үчүн кырсык катталган аймакка 25 миң аскер жиберилген.