"А-Студио" тобунун солисти Кети Топурия рэпер Гуф менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады

"А-Студио" тобунун солисти Кети Топурия орусиялык рэпер Гуф менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Топурия менен Гуфтун ортосундагы сүйүү мамилеси бир канча убакыттан бери эле айтылып келген. Бирок ырчылар бул боюнча билдирүү тараткандан баш тартышчу. Ал эми учурда Сочи шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун" сынагында ырчы алгачкы ирет бул боюнча сөз кылуудан баш тартпай, журналисттер кызыккан суроолорго жооп берген.

"Сүйүктүүм шаңдуу кечелерди жактырбагандыктан, бул жакка келүүгө макул болгон жок. Азыр бири-бирибизди сагынып жатабыз. Бирок 2-3 күн көп деле убакыт эмес да, күн сайын видеочалуу менен байланышып турганыбыз жетиштүү", - деген ал.

Айта кетсек, Кети Топурия 2013-жылы Лев Гейхман аттуу мырзага турмушка чыгып, өткөн жылдын март айында ажырашып кеткен. Экөөнүн ортосунда 1 кызы бар. Ал эми Гуф 2008-жылдан 2014-жылга чейин жубайы Айза Долматова менен чогуу жашап, 1 балалуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан