Орусиялык модель Виктория Боня менен француз миллиардеринин сүйүү мамилесине чекит коюлду

Орусиялык модель, актриса Виктория Боня менен сүйүктүүсү, француз миллиардери Пьер Андюрандын сүйүү мамилесине чекит коюлду. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, соңку кездерде Бонянын кош бойлуу экендиги тууралуу кептер тарап жаткандыктан, журналисттер бул маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн Андюранга байланышка чыгышкан. Анда франциялык миллиардер Боня менен мамилесин үзгөнүнө бир канча убакыт болгонун, эгер модель кош бойлуу болсо, ага өзүнүн эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

Айта кетсек, Виктория Боня Канн фестивалында сүйүктүүсү менен чогуу кызыл килемден өтүп, аны коомчулук менен тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан