Америкалык "Vanity Fair" журналы 2018-жылдын эң саркеч атактууларын аныктады. Тизменин катарына ханзаада Гарринин жубайы Меган Марклдын ысымы алгачкы ирет илинди.
Маалыматта мурдагы актриса, азыркы ханбийке Марклдын соңку 3 жыл аралыгындагы стили менен учурдагы стили салыштырылып, анын азыркы табитине карата мактоолор жазылган.
"Ханыша үй-бүлөсүнүн ичинен эң эле эрктүүсү - Меган Маркл. Анын кийим тандоодогу табити абдан мыкты", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле эң саркеч атактуулардын катарына британиялык юрист Амаль Клуни, теннисчи Серена Уильямс, Франциянын ханайымы Брижит Макрон, модель Белла Хадид, ырчы Рианна жана башкалар кирген.