III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине "Корни", "Akcent" топтору жана бир катар белгилүү ырчылар катышат

8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан борбордук ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт. Аталган иш-чараны чет элден келген белгилүү ырчылар, музыкалык топтор коштойт. Бул тууралуу оюндардын катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабылуу аземине чет элдик ырчылар Рэй Хортон, Жо Томпсон , Наташа Райт, түркиялык ырчы Озода Нурсаидова, казакстандык Жанар Дугалова жана орусиялык рок-топ "Корни", румыниялык поп-топ "Akcent", германиялык "Чингиз Хан" тобу катышат. Ошондой эле салтанаттуу иш-чарада жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова жана башкалар өз таланттарын тартуулашат.

Айта кетсек, быйыл көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, ага 82 өлкөдөн келген 2 миң 500гө жакын спортчу катышууда. Азыркы тапта жалпы медалдык эсепте 78 медалы менен Кыргыз өлкөсү алдыда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Chagylgan2
2018-09-07 12:32:43
Ошол ырчы-чоорчулар бекер келмек беле?!! Асмандагы гонорар толонсо келет да. Элдин наалатынан коркпогон бийлик элдин акчасын каалагандай сапырып отурат да...

Сокенерди ажы дейсинер, ажылык анын маскасы. Чын ажы болсо мындай ысырапкерчиликке бармак эмес, тем более акча озунун чонтогунон эмес, элдин чонтогунон чыккан акча экенин биле туруп... Кочмондор оюнун откоруудогу коррупцияны коро туруп кормоксон болмок эмес. Соке, атына ажы болбосо, Атамбаевдин МУРАСКОРУ!!!
+2
vikidiki
2018-09-07 12:33:42
Гонорарлары канчаны чапчыды экен?
+3
Dembele84
2018-09-07 12:34:16
Akcent группасынын ырлары кучтуу...
+1
Nanei
2018-09-07 12:53:39
Эртереек бутсокен
+1
gulzat85
2018-09-07 14:19:17
Рей хортон дагы келеби
-1
AKCAHAT
2018-09-07 15:09:37
Анжелина мн ДиКаприо дымып кеттиго.)) Джеки Чан келип койсо болмок, озубуздун рассаданго кантсе да
-1
BarsBaatyr
2018-09-07 15:22:27
AKCAHAT,чакырышты бекен өзү
-1
BarsBaatyr
2018-09-07 15:21:42
Озода Нурсаидова Өзбекстандык го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан