Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 19 өрт кырсыгы катталды

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 10, Ош облусунда 3, Талас жана Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталган.

"Борбордогу Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунда 1,5 гектар куураган чөп жана кароосуз калган дүкөн күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан