Ошто 7 айлык ымыркайы менен көп кабаттуу жатаканадан боюн таштаган келиндин баласынын абалы оор

Ошто көп кабаттуу жатаканадан 7 айлык ымыркайы менен кошо боюн таштаган келиндин абалы орто, баласынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Боюн таштаган келиндин абалы орто, анын жамбаш сөөгү сынып, баш мээси чайкалган. Ал эми ымыркайдын да баш мээси чайкалып, жаракат алган. Аял боюн таштаган учурда мас болгону аныкталды. Колундагы ымыркайдан сырткары анын башка дагы 2 баласы бар", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя кечээ, 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Белгилүү болгондой, ал жолдошуна таарынып төркүнүндө жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2018-09-07 14:27:03
Эркектер жоопкерчиликти билбей калдык. Аял алгандан кийин жалжактап көчөгө чыгып кетебиз. Аял кишини караш керек, багыш керек. Канчалык гүлгө суу куйсак ошончолук гүлдөйт. Канчалык жинине тийсек, карабасак кабаган иттей болот.
Сулуу, сүйкүмдүү аял тарбиялап алуу өзүбүздүн колубузда.
+16
Kosmos2013
2018-09-07 14:42:29
Rifle_I,Эн туура айттын!!!Бул учун акыретте да жооп беребиз.
+9
Janyjol.86
2018-09-07 14:30:55
Туура айтасын
+7
Nurkyz1977
2018-09-07 19:32:21
Илгерки апаларыбыздын жашоосуна караганда азыркы жашоо эн сонун. Эшектин жугу женил болсо жатак болот дегендей болуп жатат. Кыйналганда жашоого нааразы болгондо эмне арак ичип этаждан секирип кетиш керекпи? Мурун алты саны аман кезинде куйоосуно кереги жок болгон болсо эми минтип жатып калды,жон жерден озун,балдарын,ата энесин кыйнады бул акылсыздык. Андан кору битке очошуп койногун отко салбай белин бекем бууп балдарын бакпайбы. Балдары учун бул жашоону суйуп жашабайбы,озу деле кырк жашта экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан