Бишкекте 53 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, ооруканага түштү

Бишкек шаарында Чыгыш-5 кичи районунда 53 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн боюн таштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-сентябрда саат 19:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган.

"Боюн таштаган аял психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат. Учурда ал ооруканада, баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyjol.86
2018-09-07 14:28:30
Жакшы болуп сакайып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан