III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча финалы! Бүгүн, 7-сентябрда Кыргыздын жигиттери күчтүүлөрдүн күчтүүсүн аныкташ үчүн Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. Көптөн бери күттүргөн бүйүр кызыткан оюндун финалы саат 18:00дө башталат. Күйөрмандары тең тайлаш Кыргыз өлкөсү – Өзбекстан атаандаштарынын таймашы күтөт.
O!TV тиркемеси менен кайсы жерде болбоңуз, КТРК жана КТРК-спорт телеканалдары аркылуу беттештин чордонунан түз берүүнү смартфонуңуздун экранынан көрө аласыз.
Акысыз O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз да, кызматты *750*1# (күнүнө 3 сом) буйрутмасы менен кошуңуз.
Эскерте кетсек, жарым финалда Москва облусу эбегейсиз чоң эсеп менен Кыргыз оюнчуларына жеңилди, ал эми Казакстан биринчи жолу финалга чыгып жаткан Өзбекстанга утулду. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда 3-4-орундар үчүн беттеш болот. Анда Казакстан менен Москва облусунун курамалары ойнойт. Турнирдин баш байгеси үчүн Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан ат салышат.
16:00 – 3-4-орун үчүн оюн:
Казакстан — Москва облусу;
18:00 – финал:
Кыргыз өлкөсү — Өзбекстан;
Келгиле, O!TV менен бирге биздин жигиттерди, Кыргыз өлкөсүн колдойлу!