Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда казак балбанын жеңип, 1-орунга татыган кыргыз балбаны Жекшенбек Турдубеков өз сезимдери менен бөлүштү.
"Мен Ак-Талаанын кулуну болом. Эр эңиш менен алектенгениме көп жыл болду. Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө өткөн мелдештерге катышып, 6 жолу жеңишке жеткем. Азия оюндарынан 3-орунга ээ болгом. Бүгүн казак балбаны менен беттешип, 1-орунду ээледим. Утуп алган байге жүктөп келген аттарыбыздын эле чыгымын жабат", - дейт ал.
Айта кетсек, эр эңиш боюнча мелдештин соңунда 1-орунга ээ болгон балбандарга 70 миң сом, 2-орунга 35 миң, ал эми 3-4-орунду ээлегендерге 17 миң 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырылган.