Ошто көп кабаттуу жатаканадан ымыркайы менен боюн таштаган келин окуяга чейин бир нече саат мурун да баласы менен бийиктиктен секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"Күбөлөрдүн айтымында, кечээ ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин окуяга чейин да өз өмүрүн кыюуга аракеттенген. Анда ал ошол эле күнү башка көп кабаттуу үйдөн ымыркайы менен кошо секиргенге аракет кылган. Бирок аны адамдар көрүп калып, токтотушкан. Андан кийин келин эжеси жашаган батирге келип, сыра ичкен. Сыра түгөнгөндө эжесинин кызын дүкөнгө жиберип, ошол учурда ымыркайын көтөрүп чыгып, төртүнчү кабаттан секирип кеткен. Учурда эне-бала ооруканада, бул факт боюнча иликтөө иштери улантылып жатат", - дейт Сыдыков.
Эске салсак, кечээ 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган.