Кыргыз-Казак чек арасындагы Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү жайынан Кыргыз жерине мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган адам кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 7-сентябрда 1964-жылы туулган Х.Ж. аттуу Кыргыз жарандын оор жүк ташуучу унаасы токтотулуп, жасалма документ менен 6 тонна коонду өткөрүүгө аракет кылганы аныкталды. Тактап айтканда, анын салык боюнча маалым катынын мөөнөтү бүтүп, айдоочу мөөнөтүн өзү узартып, оңдоп алган.
Мындан улам документтер толтурулуп, айдоочу тиешелүү мекеменин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.