Америкалык ырчы Ариана Гранденин мурунку сүйүктүүсү, рэпер Мак Миллер каза болду

Америкалык рэпер, аткаруучу, продюсер Мак Миллер 26 жашында каза болду. Анын мезгилсиз дүйнө салышына наркотикалык каражатты көлөмдөн ашыкча колдонгону себеп болгонун батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, рэпердин жансыз денеси Сан-Фернандо өрөөнүндөгү үйүнөн табылган. Мак Миллер америкалык ырчы, актриса, модель Ариана Гранде менен мамлесин үзгөндөн кийин алкоголдук ичимдиктерди, наркотикалык заттарды ашыкча колдоно баштаганы көп айтылып келет. Мак Миллер менен Ариана Гранде 2016-жылдын август айынан тарта кыз-жигит болуп жүрүп, сүйүшкөндөр ушул жылдын май айында эки башка жолго түшкөн.

Маалымат үчүн: Көпчүлүккө Мак Миллер каймана аты менен таанылган рэп аткаруучу Малкольм Жеймс МакКормик 1992-жылы 19-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2018-09-08 13:03:28
Наркотик жакшылыка алып барбайт!!!
+3
Benazir08
2018-09-09 05:27:42
Бунун эми бизге кандай тиешеси бар? Мисалы булар биздин Салтанат Саматова ушинтип отту, Улан Эгизбаев да ушинтип отту дегендерди алр да акыркы кабарына жазабы? Боло турган нерсени жазгылачы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан