Орусиянын Эл артисти Валерий Леонтьев кандай дарт менен күрөшүп жатканын ачыктады. Бул тууралуу ырчы интернет айдыңындагы жеке баракчасына жазып чыккан.
Анда Валерий Леонтьев: "Менин ден соолугум тууралуу ар кандай кептер тарап кетпесин деп силерге ачык айтууну туура көрдүм. Медициналык текшерүүлөрдөн кийин өпкө оорусуна чалдыкканым аныкталды. Дарыгерлер жакшылап дарыланышымды айтып, сахнага чыгууга шашылбаганым оң экенин билдирди", - деген ал.
Белгилүү болгондой, ырчы ушул жылдын июнь айында концерт берүүгө камданып жаткан. Бирок концерт алдында анын кан басымы жогорулап, тез арада ооруканага жеткирилген. Валерий Леонтьев дарылануудан кийин 4-9-сентябрь аралыгында Сочиде өтө турган "Жаңы толкун" сынагында ырдамак.