Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз өлкөсү медалдык эсепте 1-орунда жайгашты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, бүгүн, 8-сентябрда жыйынтыкталмакчы. Көчмөндөр оюндарынын алкагында жалпы 37 спорттун түрүнөн мелдештер орун алды.
Медалдык эсепте 1-орунду Кыргыз курама командасы ээледи. Биздин спортчулар жалпы 100 медалды утуп алышты. Алар: 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло медаль.
2-орунда Казакстан курама командасы жайгашкан, алардын капчыгында жалпы 69 медаль бар. Алар: 16 алтын, 24 күмүш жана 23 коло медаль.
3-орундун ээси Орусия курамасы, алардын капчыгында 52 медаль бар. Алар: 16 алтын, 11 күмүш жана 25 коло медаль.
4-орунда Түркмөнстан курамасы 27 медаль, тагыраагы,10 алтын, 5 күмүш жана 12 коло бар.
5-орунда Өзбекстан курамасы орун алды, алар жалпы 33 медаль утуп алып, алардын арасында 7 алтын, 8 күмүш жана 18 коло медаль бар.