Чүйдө абакка баңгизат ыргытууга аракет кылгандардын бири милиция кызматкери болгон

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27-абакка баңгизат ыргытууга аракет кылгандардын бири милиция кызматкери болгон. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын 16-декабрында болгон. Анда 2 адам абактын тосмосунан ашырып баңгизат ыргытууга аракет жасап, окуя болгон жерден бир адам кармалып, экинчиси качып кеткен.

Мамлекеттик соттук экспертиза ал жерден табылган баңгизатты 189,67 грамм өлчөмүндөгү марихуана экенин аныктаган. Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизаттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасында 2018-жылдын 10-августунда кылмышка катыштыгы бар деп Бишкек шаардык милициясынын 1984-жылы туулган Н.К.Ж. аттуу кызматкери колго түшүрүлгөн.

Учурда иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-09-08 13:32:27
акчасына салынып жатат мындайча айтканда азыркы соз менен халява анын эмнесине каршы чыгасынар пусть салына берсин бекер салып жаткандан кийин ушунтип каршы боло берсек баарынан куруу калабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан